Ош шаарындагы мечит имамдарына өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов өрт коопсуздук кызматынын өкүлү менен биргеликте шаардагы жалпы мечит имамдарына өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп,  баяндама жасашты.

Өрт коопсуздугу үчүн керектелүүчү каражаттар ар дайым даяр туруусу жана ар бир мечитте ыктыярчы топ түзүлүүсү керектиги айтылды.

Ал эми  Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби  мечитке келген жамааттын коопсуздугун камсыз кылуу чоң сооп экендигин баса белгиледи.

«Мечитке ибадат кылуу үчүн келген жамааттын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ар дайым өрт өчүрүүчү каражаттардын даяр болуусу керек. «Кырсык айттырбай келет»,- демекчи ар дайым ишибизге так болуубуз талап кылынат. Өзүбүздүн жана өзгөлөрдүн аманат болгон жандарын сактоо чоң сооп»— деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.