Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, кызматташууну талкуулашты

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, окуучулар үчүн ыйман, адеп-ахлак, билим алуунун зарылдыгы, өз өмүрүнө кол салуунун жана  талап-тоноочулуктун шарияттагы орду боюнча түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү керектигин  макулдашты. Муну менен катар баш имам-хатиб ыйык Рамазан айы менен куттуктап, “Азирети Пайгамбар с.а.в. кантип тарбиялаган”, “Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. тарбия берүүдөгү бал тамган тили”, “Таалим-тарбиядагы 101 кадам”  аттуу китептерди белек кылды.

Ушундай эле жолугушуу мектеп жетекчилери менен уюштурулуп, Тоң районунун баш имам-хатиби келечек муундарга туура жолду көрсөтүү жана алардын ыйманын, адебин жана жүрүм-турумун жакшыртуу учурдагы зарыл маселе экендигин баса белгиледи.

“Бүгүн биз балдарга жакшы көңүл буруп, туура жолду көрсөтүп, терс жолдордон оолак кылууга аракет жасайлы. Ал үчүн ар бирибиз иштешибиз керек. Мектеп бул чоң уя болсо, мугалим ал үчүн шам чырак. Андыктан биз эртең мамлекетибиз туруктуу болуп, өнүксүн десек азыр ыйманына, адебине, тарбиясына көңүл буралы. Тоң райондук хатибияты иштешүүгө даяр”,-деди Таалайбек ажы Акунов.