Балыкчы шаарындагы бийлик өкүлдөрү аксакалдар, ардагерлер, жаштар жана имамдардын катышуусунда ысырапкерчиликке жол бербөө маселесин талкуулашты

Өлкө башчынын жарлыгынын алкагында Балыкчы шаарынын мэриясынын  жыйындар залында мэрия кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, ИИМ өкүлдөрү, аксакалдар, ардагерлер, жаштар жана  имамдардын  катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана  аш-тойлордогу  ысырапка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  

“Ысырапкорчулук укуктун чегинен чыгып, бузукулука өтүү. Жараткан тарабынан ысырапкерчилик кылууга тыюу салынган. Ысырапкерчилик жеп-ичүүдө, мал-байлыкты иштетүүдө, убакытта болот. Андыктан Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваны туура түшүнүү менен кабыл алып, Алла Тааланын жолунан адашпайлы”,-деди Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.

Муну менен катар жыйында  ысырапкорчулуктун алдын алууда биргеликте иш алып барууну макулдашып, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектиги айтылды.