Быйыл Кыргызстандык ажыларды «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт

2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы (УРШ) 25-апрелден 29-апрель, саат 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда тандоо жарыялап, ага бир гана «Flaynas» авиакомпаниясы документ тапшырды. Тандоонун жыйынтыгында 2022-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты. Учурда авиакаттамдарды уюштуруу, келишим түзүү жана башка уюштуруу маселелери чечилүүдө.