Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын Орозо айтка карата куттуктоосу

Мээримдүү жана ырайымдуу Жараткан Алла Тааланын ысмы менен баштаймын. Алла Таалага чексиз мактоолор болсун! Анын акыркы жана сүйүктүү Элчиси, эң улуу мугалим, даанышман көсөм Мухаммед Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун! Ассаламу алейкум варохматуллохи вабарокатух.

Кадырлуу мекендештер! Ырайымдуулуктун жана кут-берекенин айында кармаган орозоңуздар, аткарган ибадаттарыңыздар жана жасаган бардык жакшылык иштериңиздер кабыл болсун! Ыйык рамазан айы ар бир мусулмандын жан дүйнөсүнө, кан-жанына ыймандуулук, сабырдуулук, такыбалык, мээримдүүлүк жана берешендик сыпаттарды ширетип, күнөөлөрдөн тазартып узап баратат. Ушундай берекеси мол айга жана анын майрамына жеткирген Алла Таалага чексиз шүгүр келтиребиз.

Ислам дининин орозого байланыштуу буйруктарын кынтыксыз аткарып, тыюуларынан чектелип, инсандык сапаттарын өнүктүргөн ар бир момун мусулман үчүн орозо айт чындыгында чоң майрам жана Алланын тартуу кылган белеги. Андыктан, элибиздеги эзелтен келаткан салтка ылайык, айтта, ата-эне, бир туугандардан, достордон, кошуналардан кабар алып, конок чакырып жагымдуу маанайда өткөрүү кажет.

Ошону менен катар сыркоолоп жаткандардан, жетим-жесирлерден, каралашар жакыны жок жүрөгү муңдуу адамдардан Алла ыраазычылыгы үчүн кабар алалы, орозо айттын кубанычын сездирели. Чөйрөбүздөгү таарынышкан тааныштарыбыздын жарашуусуна себепчи бололу. Айрыкча, келечек муундун аң сезимдерине орозо айттын маани-маңызы менен катар, Исламдын асыл баалуулуктарынын жана улуттук нарк, дөөлөттөрүбүздүн үрөөнүн сээп, түшүндүрүү жана сүйдүрүү жолу менен жеткирели.

Урматуу мусулман бир туугандар! Бүгүнкү орозо айт менен өзүмдүн жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин атынан чын дилден куттуктаймын! Элибиз эсен, журтубуз аман болсун! Бүт дүйнөдө тынчтык орносун! Өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулуп, ыйманга сугарылган элибиз байгер турмушка жетсин! Жараткан Алла жалпыбызды дагы далай орозолорго сак-саламат жеткирсин!

Урматтуу мусулман бир туугандар! Касиеттүү орозонун бизге үйрөткөн баалуулуктарын мындан кийинки турмушта жандуу сактоону, нарк-насилибизди кастарлоону, динибизди Кудай ыраазы боло тургандай таризде жашап, башкаларга үлгү болууну Кудай Таала баарыбызга насип кылсын!

Ынтымагыбыз бекем, ырыскыбыз кенен, орозо айтыңыздар маарек болсун!

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы

Масалиев Абдиманап каары