Баткен шаарындагы «Муъаз ибни Жабал» медресесинин студенттерине “Куран айы” аталышындагы Куран жарышын өткөрдү

Куран жарышында окуу жайдын 1-курсунун студенттери  “Наас” сүрөсүнөн “Бурууж” сүрөсүнө чейин жатка окуп беришсе, 2-курстар   30 пара жана “Мүлк” сүрөсүнөн “Нух” сүрөсүнө чейин окушту. Ал эми 3-4 курстар үчүн 2 паранын каалаган жеринен жатка окуп берүү тапшырмасы коюлду.

“Куран жарышынын негизги максаты окуучулардын Куранга болгон сүйүүсүн арттыруу.  Ал эми жарыштын көркөм окуу сынагына Курандын каалаган жеринен окуп берүү тапшырмалары коюлуп, алдынкы орунду ээлеген улан-кыздарга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды”,-деди медресенин мүдүрү Султанмурат ажы Исираев.

Эске салсак, “Муъаз ибни Жабал” медресеси Баткен шаарындагы алгылыктуу диний окуу жайлардын бири болуп, жалпы   окуучу  билим алат.