Баткен казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов мектеп окуучуларын билимге кызыктырган баяндама жасады

Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкери Сайдахмад ажы Аппазов   Чоң -Кара  айылындагы Токтогул атындагы орто мектебиндеги окуучулар менен жолугушуп  “адеп ахлак”, “илимге болгон умтулуу”, “улууну сыйлоо”, «ата-энени урматтоо» темаларын камтыган “Келечек ыймандуу жаштардын колунда” аттуу баяндама жасады.

Жолугушууга мектеп жетекчилери, мугалимдер катышып, окуучулар үчүн мындай жолугушуулардын маанилүү жана керек  экендигин билдиришти.  Ал эми мектеп окуучулары өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп алышып, иш-чара  пайдалуу болгонун баса белгилешти.

“Баткен облустук мусулмандарынын казыяты облустук билим берүү бөлүмү жана райондук администрациялардын уруксаты менен мектеп окуучуларына тарбия жана адеп-ахлакты камтыган баяндамаларды жасап келет. Албетте бул дагы жетишсиз. Казыят кызматкерлери келечек муундарга туура жолду көрсөтүп, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууда жана мектеп окуучулары арасындагы зордук-зомбулукту болтурбоо максатында тарбиялык насааттарын шарияттын алкагында айтып келебиз”,-деди Сайдахмад ажы Аппазов.