![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/05/photo_2022-05-10_00-50-08.jpg)
Кара-Суу районунда9 — май — Жеңиш күнүнө карата салтанаттуу жүрүш уюштурулду. Саамалыкка Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров катышты.
Эскерүү митинг-реквиемде аким Турусбек Молдобекович сөз сүйлөп, мамлекеттин тынчтыгы үчүн күрөшкөн ардагерлерди куттуктап, белек-бечкек берип, акчалай жардам көрсөттү. Иш-чаранын соңунда, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон маркумдарга арнап Куран окуп, мамлекет, эл-жер жана мекенибиздин ынтымагы үчүн дуба кылды.