Эртең, 11-май күнү саат 10:00до Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясыда «Курандан дилим тазарат» аттуу Куран майрамы өтөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эртең, 11-май күнү саат 10:00до Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясыда өтүүчү «Курандан дилим тазарат» аттуу Куран майрамына чакырат.

Бул күнү өлкө аймагынан тандалган мыкты карылар Куран окуса, белгилүү дин аалымдары аяттарды тавсирлеп, чечмелеп, түшүндүрүп бермекчи.

Андыктан өткөрүп жибербей, жүрөгүңүздөрдү Куран менен нурлап кетиңиздер!