«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде ажы башчылыкка талапкерлер үчүн өткөн тесттин жыйынтыгы

Бүгүн, 12-майда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде болочок ажы башчылар ажылыктын жол-жобосу, шарттары жана эрежеси боюнча тест тапшырышты. Тесттик сынактын алкагында ар бир ажы башчыга 50 суроо берилип, ийгиликтүү тапшырган ажы башчылар 13-май, саат 09:00дө өтө турчу баарлашуу сынагына катышып, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү 55 ажы башчыны тандап алышмакчы.

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде өткөн сынактан 76 жана андан жогорку балл алган талапкерлер баарлашуу сынагына жолдомо алышат.