Максат кары Сидиков: «Ысырапкорчулук Аллага жагымсыз амал»

Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүндө КР Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу алкагында жыйын өткөрүлдү. Ага Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков, Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы Давранбек Шамшидинов, айыл башчылары, имамдар жана тартип сакчылары катышты.

«Динибиз ысырапкорчулукка каршы, андан тыйылуу шарт. Ысырапкорчулуктун түбүндө кожо көрсүндүк турат. Бул Аллага жагымсыз амал», – деди баш имам-хатиб.

Жыйында имамдар жана айыл башчылары өздөрүнүн аймагындагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө отчёт беришти.