![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/05/20220502_100120.jpg)
Араван районуна караштуу Маңгыт айыл өкмөтүнүн Молдо Алике мечитинде Төлөйкөн айылынын жаштары спорттук оюндарды уюштуруп, элге майрамдык маанай тартуулашты. Иш-чарага катышкан Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков спорт ден соолук үчүн маанилүү экендигин айтып, жаштарды сергек жашоого чакырды.
«Алсыз момунга караганда күчтүү момун Аллага сүйкүмдүүрөк»,- делет. Мусулман спорттон, илимден, материалдык жана моралдык жактан күчтүү болушу керек. Өтүп жаткан спорттук иш-чара элибизге жалгыз гана ачык маанай тартуулабастан, жаштардын спортко болгон кызыгуусун да арттырат”, – деди Араван районунун баш имам-хатиби.
Жыл сайын өткөрүлүп келген спорттук иш-чаралар күрөш жана ат оюндары сыяктуу улуттук оюндар менен коштолуп келет.
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/05/20220502_092912.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/05/20220502_095902.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/05/20220502_100408.jpg)
![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/05/20220502_100120-1.jpg)