Оштогу «Шами уулу Сары» мечитинде уюштурулган үч айлык окуу курсу жыйынтыкталды

Ош шаарынын мусулмандарынын казыятына караштуу «Шами уулу Сары» мечитинин имамы Абутолиб ажы Тойкул уулунун демилгеси менен башталган үч айлык окуу курсу жыйынтыкталды. Окуу курсуна катышкан жаштардын билим деңгээлин текшерүү максатында сынак алынып, активдүү катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшыруу аземине Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов катышып, жаштардын окууларына ийгилик каалады.

«Жаштыкта алган илим ташка оюлуп жазылгандай эсте калат. Жаш кезиңерди туура пайдаланып, илим алып жатасыздар. Негизги сыйлыкты Алла Таала акыретте берсин»,- деди Абдилазиз ажы Абдурахманов.