Сузактагы дин кызматкери Барпы айлындагы селден жабыр тарткан үйлөрдү тазалоого жардам беришип, 108 миң сом акчалай жардам беришти

Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов Сузак районуна караштуу Барпы айлындагы   селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө 108 миң сом акчалай  жана азык-түлүк, үй буюмдарын жардам катары тапшырышты.  

Муну менен катар селден кийинки жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 30 дин кызматкери  жардам берип, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

«Имамдарыбыз жабыр тарткан үйлөрдү тазалашып, жардамга беришти. Мындан сырткары Сузак райондук хатибияты жана дин кызматкерлери тарабынан 108 миң сом акчалай  жардам беришти»,-деди Жунус ажы Исмаилов.