Дин кызматкерлери Алайдагы табигый кырсыктан жабыркагандардан кабар алып, материалдык жардам тапшырышты

Дин кызматкерлери Алай районуна караштуу Корул айыл өкмөтүндөгү селден жабыр тарткан тургундардан кабар алды. Жолугушууга Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыят кызматкери Абдулла ажы Исламов, Алай районунун баш имам-хатибининин милдетин аткаруучу Тиллабай ажы Кадыров баштаган дин кызматкерлери барып, жеринде таанышты.

«Кырсык каш менен кабактын ортосунда делет. Негизгиси элдин амандыгына кубанып, Аллага шүгүр келтирдик. Селдин кесепетин жоюу үчүн кызуу иш алып барып жаткан тараптарды Кудайым колдоп, ишине ийгилик берсин. Эл кызматындагы бул азаматтар айыл жаштары менен биргеликте кырсыктын кайталанбашы үчүн зарыл чараларды көрөт деп терең ишенем», – деп билдирди казы орун басары.

Алибек ажы табигый кырсыктан жабыркагандарга Азирети Муфтийдин жана Ош облусунун казысынын саламын жеткирип, КМДБнын материалдык жардамын тапшырды.