Алибек ажы Жусупов Алай районуна караштуу «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районунун Гүлчө айылына караштуу Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолукту. Адал эмгек жана ысырапкорчулуктун кесепети боюнча баяндама жасаган казы орун басары жергиликтүү тургундарды ашыкча чыгымдарга бөгөт коюуга чакырды.

«Ак эмгектин наны таттуу»,- деп бекеринен айтылбаган. Адал мээнет, маңдай тер менен табылган киреше берекелүү болот. Кимде-ким адал жолдон дүйнө-мүлк күтсө, анын жүзү эки дүйнөдө тең жарык болот. Биз жаштарыбыздын адал эмес оңой жолдордон акча табуу күнөө экенин тынбай эскертип туралы!», – деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, облус аймагында КР Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” жарлыгын аткаруунун алкагында иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө.