«Имам ал-Бухарий» ислам институту жана «Абдираим кары» медресесиндеги студенттерге жайкы кийимдер тапшырылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү «Имам ал-Бухарий» ислам институту жана «Абдираим кары» медресесинде Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен студенттер үчүн атайын жайкы кийимдер тапшырылды.
 

«Учурда 100гө чукул илим алуучуларга сапаты мыкты жайкы футболкаларды тапшырдык. Колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем», — деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.