Өзгөндүн баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров М. Разаков атындагы мектеп-интернатты зыярат кылды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында Өзгөн райоунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров М.Разаков атындагы мектеп-интернатынан кабар алып, илим алуунун маанилүүлүгү, мугалимди урматтоо жана адеп-ахлак темаларында баяндама жасап, өзүнүн пикирлери менен бөлүштү.
 

«Балдар биздин келечегибиз. Аларга татыктуу таалим-тарбия берүү баарыбыздын атуулдук милдетибиз. Аз да болсо руханий азык берүүгө аракет кылуудабыз», — деди Акжол ажы Бакиров.
 

Иш-чара соңунда райондун баш имам-хатибинин демилгеси менен балдарга жакындан көмөк көрсөтүү жана алардын маанайын көтөрүү максатында 180 балага жайкы сезонго ылайык сапаты жакшы кийимдерди белек кылды.