Нарында «Жаштар арасында экстремизм жана терроризмдин алдын алууда мамлекеттик органдардын ролу» аттуу иш-чара өтүп, бир катар дин кызматкерлери сыйланышты

Кечээ, 13-май күнү Нарын облустук драма театрында өспүрүм улан-кыздарга  «Жаштар арасында экстремизм жана терроризмдин алыдын алууда мамлекеттик органдардын ролу»  аттуу масштабдуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын ОИИБнын жетекчиси, милициянын полковниги Алмаз Артисбекович жана Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов катышышты.

Жыйында жаштарга экстремизм жана терроризм тууралуу маалыматтар берилип, таасирлүү тасма жана Нарын казыятынын басма сөз кызматы тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш көргөзүлүп, жаштардын орчундуу суроолоруна тийиштүү мекеме жетекчилери жооп беришти.

Жыйындын соңунда Нарын облусунун казысы  Эрик ажы Молдокуловго, Нарын районунун баш имам-хатиби Кумарбек ажы Орозалиевге жана басма сөз кызматкери Эрнис Уметовго облустук иш-чараларга  беделдүү катышып, биргеликте тыгыз кызматташкандыгы үчүн ардак грамота жана ыраазычылык баракчалар  тапшырылды.

Эскерте кетсек, бул иш-чара Нарын облусундагы баардык райондордо казыяттын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлгөн болчу.