Баткен казыяты “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмеси менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында аялдар үчүн семинар уюштурду

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты  “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмеси менен  биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында семинар уюштурду. Семинарга облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, райондук администрациянын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Салима Кокчоева, «Тынчтык демилгеси үчүн» коомдук фондунун долбоор кызматкери Айгул Жамалидинова, психолог Нуржамал Усанова, Баткен РИИБнын балдар менен иштоо инспекциясынын ага тескөөчүсү Бактыбек Сайдимаров жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов катышып, катышуучуларга өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. Иш-чарага 40 чукул аял катышып, окуу семинарын  жер-жерлерде уюштурууну сунушташты.