Ажылыкка каттоо үстүбүздөгү жылдын 17-май, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин узартылды

Өлкө аймагындагы буга чейин белгиленген 13-май РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин катталууга жетишпей калган жарандар 17-май, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин РСК банкына 4500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 700 сомду төлөп, аңдан соң өз аймактарындагы казыяттарга караштуу каттоо пункттарына барып, тизмеге кирүүсү зарыл.

Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.