Баткенде облус казысынын демилгеси менен дин кызматкерлеринин арасында спорттук турнир өттү

Баткен облусундагы дин кызматкерлеринин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, ден соолукка кам көрүү максатында район, шаар имам-хатибдеринин жана медресе мугалимдеринин арасында   облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен “Спорт-ден соолуктун булагы” аталышында   футбол, аркан тартыш , кол күрөш жана таш көтөрүү  боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.  

Спорттук иш-чара Кадамжай шаарында өтүп, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров келген конокторго жана уюштуруучуларга ыраазылыгын билдирип, командаларга ийгилик каалады.

«Динибиз сергек жашоого үндөйт. Ден соолугубуздун жакшы болуусу үчүн аракет кылалы! Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүп туруусун шариятыбыз милдеттендирет. Спорттук мелдештеги башкы максатыбыз утуу же утулуу эмес , дин кызматкерлеринин ортосунда ынтымакты бекемдөө, бири- бирибиз менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашуу болуп саналат. Ошондуктан бүгүн биз адептүүлүктү көргөзөлү. Өзүбүз башкаларга үлгү бололу»,-деди облус казысы.

Футбол боюнча жалпы 14 команда катышып, жыйынтыгында:

1-орун Баткен облустук казыяты

2-орун  Баткен шаардык хатибияты

3-орун  Сүлүктү шаардык хатибияты  

Аркан тартыш боюнча:

1- орун  Лейлек райондук хатибияты

2- орун  Баткен шаардык хатибияты

3- орун  Сүлүктү шаардык хатибияты  

24 кг таш  көтөрүү боюнча:

1- орун  Нур медресеси

2- орун  Кадамжай райондук хатибияты

 Кол күрөш боюнча:

1- орун  Кадамжай райондук хатибияты

2-орун  Лейлек райондук хатибияты

Спорттук мелдештин соңунда мелдешке катышуучулар демилгени көтөргөн облус казысына жана уюштуруучуларга ыраазылыктарын билдирип, саамалыкты улантуу үчүн жана кошумча волейбол, таяк тартыш оюндарын киргизүүнү сунуш кылышты. Иш-чаранын сонунда катышуучулардын каалоосу менен ар бир квартал сайын өткөрүү чечими кабыл алынып, кийинки кезек Лейлек райондук хатибиятына тапшырылды.