Кара-Суу районунун Эркин айылынын имамы Асилбек Турдубаев бүтүрүүчү класстардын ата-энелерине кайрылуу жолдоду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө жайгашкан С. Маматов атындагы мектепте «Бала тарбиясы – улут келечеги» аттуу жыйын өттү. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мектеп администрациясы, укук коргоо органдары, айыл имамы жана ата-энелер катышты.

«Урматтуу ата-энелер! 11-класстар турмуштун босогосун аттоо алдында турушат. Бүтүрүүчүлөр мектепти бүтүп жатабыз деп ар кандай бузукулуктарга, ысырапкорчулукка жана адепке жатпаган иштерге барбашы керек. Ушул багытта тыгыз кызматташалы», – деп билдирди Эркин айылынын имамы Асилбек Турдубаев.

Айыл имамы ысырапкорчулуктун кесепеттери, биримдиктин зарылдыгы жана билим алуунун артыкчылыктары боюнча баяндама жасап, ата-энелердин суроолоруна жооп берди.