Ош облусунда эсептик каттоодон өтө элек диний объектилерди каттоо боюнча жыйын өтүп, облус казысы бул иш жай жүрүп жаткандыгын эскертти

 Ош облусунун мусулмандар казыятында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын эсептик каттоосунан өтө элек диний объектилерди каттоодон өткөрүү боюнча жыйын өтүп, ага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты, КР ДИМК ТАБынын башчысы Исакбай Мурзабеков, КР ДИМК ТАБынын башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, райондук баш имам-хатибдер жана хатибияттардын мечиттер боюнча адистери катышты.

 «Ким кургуйдун уясынчалык же андан да кичинекей мечит курган болсо, Алла Таала акыретте ал үчүн бир сарай курат» деп хадисте айтылган. Демек кимде-ким мечит курса, анын абад болушуна салым кошсо, мечиттеги кандайдыр бир кемчиликтерге жардам берсе, коммуналдык төлөмдөрүнө каралашса, ичи-сыртын тазаласа, Алла Тааланын сыйлыгына ээ болору анык. Буга мечитти документтештирүүгө жардам бергендерди да кошсок болот. Себеби азыркы заманда документсиз иш бүтпөйт. Ушул нерсени элге туура жеткирип, каттоодон өтпөй турган мечиттерди каттоодон өткөрүүгө жардам сураңыздар!», – деди облус казысы.  

 Ал эми Исакбай Мурзабеков учурда эсептик каттоодон өткөрүү иштери жай жүрүп жатканын белгилеп, бул процесстин күңгөй-тескейине токтолду.

«Азыркы тапта мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканда каттала элек диний объектилерди каттап калышыңыздар керек. Каттоого даярдалып жаткан объектилерди үч категорияга бөлүп карасак болот. Биринчи категориядагы мечиттерди каттоо оңой жана создуктурбай каттоо зарыл. Экинчи категориядагыларды каттоо татаалыраак жана убаракерчиликти талап кылат. Ошого карабай каттоого болот. Ал эми үчүнчү категориядагы «кызыл линиядагы» имараттарды каттоо мүмкүн эмес. Жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөрдүн жанындагы мечиттер, жардын кырындагы же селге кабылуу ыктымалдуулугу өтө жогору диний уюмдарды каттоо дээрлик мүмкүн эмес. Сиздер биринчи жана экинчи категориядагы мечиттерди каттасаңыздар натыйжа көрсөткөн болосуздар», – деп билдирди КР ДИМК ТАБынын башчысы.   

Эскерте кетсек, аталган жыйында КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында түшүндүрүү-агартуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайларда пландуу жолугушууларды уюштуруу, беш тараптуу иш-планды жетекчиликке алып, андагы тиешелүү пункттар боюнча иш алып баруу, ошондой эле экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча мезгилдүү иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.