Өлкө аймагындагы имамдарды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутуу иштери башталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы темада региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутушуп, алардын квалификацияларын жогорулатышууда. Окуу семинары ар бир облуста өткөрүлүп, ага өлкөдөгү бардык имамдар катышат.

Окуу семинарынын алкагчы бөлүгү бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталып, имамдар  Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча өздөрүнүн билимдерин тереңдетишүүдө.

2018-жылдагы пландык иш чараларыбыздын негизинде аймактагы имамдарыбызды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окута баштадык. Окутуу иштери бардык облуста уюштурулмакчы. Окуу семинары менен кошо эле КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан даярдалган «Жума хутбалары» аттуу китепти таратабыз,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Аймактагы имамдардын Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу семинары:

10-11-октябрь –Ысык-Көл облусу

11-12-октябрь –Нарын облусу

15-16-октябрь-Талас облусу

18-октябрь- Чүй облусу жана Бишкек шаары

24-25-октябрь-Жалал-Абад облусу

26-27-октябрь – Ош облусу жана Ош шаары

31-октябрь жана 1-2-3-ноябрь – Баткен облусунда өтмөкчү