Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиз менен жолугуу үчүн Москвага учуп кетти

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиз менен жолугуу үчүн бүгүн таңда Москвага учуп кетти. Азирети Муфтий менен Москвадагы бир туугандарыбыздын жолугушуусу  эртең, 14-октябрда Москова шаарындагы борбордук мечитте өтмөкчү. Жолугушуу Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддиндин чакыруусу менен уюштурулууда.

Жолугушуу алкагында:

-Үй-бүлөнү сактоо
-Адал ырыскы
-Берекелүү жашоо
-Ынтымактуулук
-Эне тили жана балдардын тарбиясы
-Экстремизмге каршы күрөшүү
-Ханафий мазхабын терең үйрөнүү
-Мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча баяндамалар айтылмакчы. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, алардын ал жайынан кабар алмакчы.

Дареги: Москва шаары, Тынчытык прспектисинде жайгашкан борбордук мечитЖолугушуу 14-октябрда саат 12:30да уюштурулмакчы.