Ысык-Көл жана Нарын облусундагы имамдарга Муфтият тарабынан даярдалган бирдиктүү жума хутбасы китеби таратылды

«Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы темада региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутуу семинарынын алкагында Ысык-Көл жана Нарын облусундагы имамдарга Муфтият тарабынан даярдалган бирдиктүү жума хутбасы китеби таратылды. Жума хутбасы китеби имамдар үчүн колдонмо курал катары даярдалып, анда бардык темалар каралган.

«Албетте, окутуу иштеринин алкагында биздин аймактагы дин кызматкерлерибиз Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча абдан терең маалыматтарга ээ болушуп, мындай окууларды байма-бай өткөрүүнү сунушташты. Биз бул сунушту кабыл алып, 2019-жылдагы иш планыбызга киргизебиз»,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактаяр ажы Токтогазы уулу.

 

Эскете кетсек, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы окуу курсу 11-сентябрда башталган.

Аймактагы имамдардын Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу семинары:

15-16-октябрь-Талас облусу

18-октябрь- Чүй облусу жана Бишкек шаары

24-25-октябрь-Жалал-Абад облусу

26-27-октябрь – Ош облусу жана Ош шаары

31-октябрь жана 1-2-3-ноябрь – Баткен облусунда өтмөкчү