Абдыжапар ажы Жакыпов: “Диний окуу жайлардын жетекчилери менеджер болууга тийиш!”

Бүгүн, Ош облусунун мусулмандар казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана казыят кызматкерлери Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан “Имам Аль-Бухарий” Ислам институтунун жана “Абдираим кары” медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аталган окуу жайлардын негиздөөчүсү жана жетекчиси Абдырахман кары Атабаев “Имам Аль-Бухарий” Ислам институтунда жана “Абдираим кары” медресесинде болуп жаткан жетишкендиктер, акыркы учурда курулуп жаткан жаңы окуу корпустары менен кеңири тааныштырып, жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалыматтык отчет берди. Мындан сырткары окуу жайдын балдар жатаканасынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндүгүн, ички жасалгасы оңдолуп, жаңы керебеттер менен камсыздалгандыгы боюнча жеринде тааныштырышты. Ошондой эле коноктор жаңыдан курулган заманбап мечиттин курулушу жана кыздар үчүн заманбап жатаканасы менен курулган окуу корпусунда түзүлгөн шарттарга күбө болушту. Учурда окуу жайда жаңы спорттук зал, тигүүчүлүк канаасы, “Кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында компьютердик курстар канасы, компьютердик окуу залы, акыркы үлгүдөгү жылытуу системасы, заманбап ашкана, бардык шарты түзүлгөн жуунучу бөлмөлөр жана дааратканалар пайдаланууга берилген.   Мындай шарттарга күбө болгон казыяттын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов окуу жай жетекчисинин ишине жогорку баасын берди.

Негизи диний окуу жайдын ишин жолго коюп, окуучулардын окуу процесси менен күнүмдүк жашоо-турмушуна тиешелүү шарттарды түзүү аябагандай чоң эмгекти талап кылат. Баарыбыз күбө болгондой чейрек кылымдан бери түптөлүп келе жаткан “Имам Аль-Бухарий” Ислам институтунун жана “Абдираим кары” медресесинин ишмердүүлүгүн башкаларга мисал катары көрсөтсөк болот. Окуу жайдагы бардык шарттарды заманбап талапка келтирүү үчүн, окуу жай жетекчиси ар тараптуу менеджерлик сапатка ээ болуусу зарыл. Бул жагдай окуучулардын да эч нерсени ойлонбостон, жылуу жана шарты түзүлгөн жерде татыктуу билим алуусуна өбөлгө түзөт. –деди А.Жакыпов.

Эскерте кетсек, “Абдираим кары” медресесинин кыздар үчүн жаңы окуу корпусунун жатаканасы бир убакта 70 окуучу кыз жашоого ылайыкташтырылып курулган.