Азирети Муфтий Орусия Муфтийлер Кеңешинин адал иштери боюнча эл аралык стандартташтыруу борборунун директору менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Орусия Муфтийлер Кеңешинин адал иштери боюнча эл аралык стандартташтыруу борборунун генералдык директору Газизов Айдар Габдуллович менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар адал системасы тармагында биргеликте иштешүү,  тажрыйба бөлүшүү, окутуу жаатында пикир алышып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва жана адал иштери боюнча бөлүмү менен Орусия Муфтийлер Кеңешинин адал иштери боюнча эл аралык стандартташтыруу борборунун кышматташуусун жакшыртуу маселесин талкуулашты.