Азирети Муфтий Москвадагы Муфтияттын өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы КМДБнын өкүлчүлүгүнүн жаңы имараты менен жеринде таанышып чыкты.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Москвадагы мекендештерибиз үчүн сабактарды, кайрымдуулуктарды уюштуруу менен мигранттар үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүлөөрүн КМДБнын расмий өкүлү Бактыбек Карашов билдирди. Муну менен катар ал Москва шаарына иштөө үчүн Кыргызстандан келишкен жарандардын ар кандай терс жолдорго түшүп кетпөөсү, уюлдук телефондорго көп убакыттарын коротпоолору үчүн КМДБнын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү англис, орус тили жана шарият туурасында  атайын сабактарды уюштуруп, алардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө бардык аракеттер жасалып жаткандыгын баса белгиледи.

Учурда 250дөй биздин мекендештерибиз келип, сабак алышат. Алар англис, орус тилдерин үйрөнүү менен кошо Ислам дининин баалуулуктарын жана жүрүм-турум эрежелери менен таанышышат. Албетте, мунун бардыгы биздин мекендештерибиз үчүн жасалып жатат,-деди КМДБнын Москвадагы өкүлү Бактыбек Карашов.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев сабак алуу үчүн келишкен мекендештерибизге адептүүлүк, билим алуунун пазылеттери, жүрүм-турум эрежелери жана инсандын милдеттери туурасында баяндама жасап,  чет жерде эмгектенген мекендештерибиз туура жолдо жүрүү менен ысыкапкорчулукка жол бербей, тапкан мээнеттүү каражаттарын максаттуу иштетүүгө чакырды. Ошондой эле Азирети Муфтий чет өлкөлөрдөгү эмгектенген мекендештерибиздин адептүүлүгү, сылыктыгы мамлекетибиздин жүзү экендигин айтып, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга үндөдү.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүн зыярат кылууга Орусиянын Урал, Сибирь жана Ыраакчы Чыгыш боюнча КМДБнын өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев, КМДБнын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Бишкек шаардык казыятынын имамы, белгилүү дин аалымы Садибакас ажы Доолов катышты.