Ноокатта жооптуу имамдар диний объектилерди каттоо боюнча пикир алмашып, көйгөйлөр талкууланды

Ош облусунун Ноокат районундагы жалпы жооптуу имамдарга жыйын өтүп, анда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында түшүндүрүү иштерин улантуу жана КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөй турган мечиттерди каттоону тездетүү маселеси каралды.

«Сиздер айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамы катары өз аймагыңыздагы бүгүнкү күнгө чейин каттала элек мечиттер боюнча толук маалыматка ээ болуп, себептерин тыкыр изилдеңиздер. Кээ бир мечиттер алакандай документтин жоктугунан каттоо иши кечеңдеп жатат. Жалпыбыз жапа тырмак аракет кылып, бардык диний объектилерди документтештирүүгө күч жумшайлы», – деп билдирди Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.

Эскерте кетсек, жыйынга райондогу 17 жооптуу имам катышып, эсептик каттоо жаатындагы оош-кыйыштар боюнча пикир алышты.