Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуп, адеп-ахлактын зарылдыгын айтып берди

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуп, адеп-ахлактын зарылдыгын айтып берди. Муну менен катар  облус казысы ислам дини толугу менен изги-жакшы адеп-ахлакка негизделе тургандыгын,  эң ириде бүтүндөй жандуу-жансызга карата, анын ичинде эл менен жылуу мамиледе болуу, чынчылдыкты, адилеттүүлүктү туу тутуу зарылчылыгын, бирөөнүн укугун тепсебөө, адамдын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсүнүн айкалышып туруу, ар бир ишти түз бүтүрүү зарылчылыгын  айтты.

«Урматтуу жаштар!  Адеп-ахлак – бул адамдын адамдык сапаттары, кулк-мүнөзү. Ал бийик-төмөн, же жакшы-жаман болуп экиге бөлүнөт. Пайгамбарыбыз элге ар дайым үлгүлүү өрнөк болгон. Ал жаш-кары, аял-эркек, кул-кедей, бай-кедей дебей жалпыга жылуу-жумшак мамиледе болуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Алла Таала ардактуу Пайгамбарыбызды алкоого алып: «Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң»,- деген (Калам сүрөсү, 4).  Ахлак – бул сараңдыктан да, ысырапкорчулуктан да алыс болуу. Мусулман ар-намыстуу болушу зарыл. Ыйбаалуулук, уяттуулук анын негизги сапаттарынан. Ал арам иштерден такыр оолак болууга тийиш. Анткени алар адамдык бийик сапатка терс залакасын тийгизээри бышык. Жамандык кылуу менен адеп-ахлакка ээ болуу мүмкүн эмес»,- деди Сулумбек ажы Узеналиев.

Муну менен катар облус казысы  ар бир адам коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин унутпоосу зарыл экенин дагы эскерте кетти.

Ушундай эле иш-чара  Талас медициналык колледжинин студенттерине өтүп, анда облус  казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу баяндама жасады.