Раззаков шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» ислам институтуна демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 60 орунга ылайыкташтырылган жатакананын курулуш иштери башталды

Лейлек районунун Раззаков шаарындагы «Абдулло ибн Аббас» ислам   институтуна демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жатакананын курулуш иштери башталды. Имарат жалпысынан   60 орунга ылайыкташтырылган. 

«2021- жылы 1 кабаттуу 40 орунга ылайыкташтырылган жатакана салынган болчу. Окуучулардын саны өскөндүктөн имаратка экинчи кабат куруу зарылдыгы пайда болду»,- деди Абдулло ибн Аббас ислам институту ректору Абдыгапар уулу Кубатбек.