Ош облусунун казысынын орун басары эл менен бирге Садырбай айылында курула баштаган мечитке барып, айыл тургундарын ыйманга чакырды

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Суу райондук хатибиятынын кызматкерлери жана айыл тургундары менен биргеликте  Садырбай айылындагы пайдубалы түптөлө баштаган мечиттин курулушуна катышты.

Облус казысынын орун басары мечиттин курулушу айыл тургундарынын ыйманын, ынтымагын бекемдөөгө салым кошооруна тилектештигин билдирди.

«Бир жерде мечит курула баштаса ошол жерде биримдик, бир туугандык жана адеп-ахлак да түптөлө баштады деп эсептесек болот. Азыр өтө жакшы саамалыкка күбө болуп жатабыз. Мечит куруп жаткандардын билегине кубат тилейм», – деп билдирди казынын орун басары.

Алибек ажы ошондой эле КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча насаат айтып, сарамжалдуулукка чакырды.