Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев шаар жана райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, 5 айда аткарылган иштердин отчёту менен таанышты

 Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев шаар жана райондордун баш имам-хатибдерин кабыл алып, 5 айда аткарылган иштердин отчету менен таанышты. Муну менен катар облус казысы садака-фитирдин топтолуусу жана таратылышы боюнча маалымат алып, бул жаатта чыныгы муктаждарга берүү керектигин баса белгиледи. Ошондой эле облус казысы диний объекттерин каттоосу боюнча баш имам-хатибдердин маалымат укту.

«Мечит – бул Алла Тааланын үйү. Аны таза жана ирээттүү пайдалануу керек. Ошондой эле мыйзамдуу болуусу үчүн каттоодон өткөрүп, бардык документтерин ырастоо маанилүү. Сиздер кайсыл аймактагы мечиттер каттоодон өтө элек болсо эл жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, маселени тез арада чечүүгө аракет кылыңыздар. Казыят бул жаатта жардам берет»,-деди Сулумбек ажы Узеналиев.

Муну менен катар облус казысы пландуу иштерди өз учурунда аткарып, эл арасында талыкпай иштеп келе жаткан шаар жана райондордун баш имам-хатибдерине ыраазычылык билдирип, ынтымак менен биримдик ишти алдын  жылдыра тургандыгын билдирди.