Жоробай ажы Шергазиев Нарын медресесинин студенттери менен жолугушуп, илим алуунун зарылдыгы, ыйман жана адеп-ахлак темаларында баяндама жасады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын медресесинин студенттери менен жолугушуп, илим алуунун зарылдыгы, ыйман жана адеп-ахлак темаларында баяндама жасады.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Кимдир бирөө дин илимин издөөгө чыкса анда ал адам кайтканга чейин Аллахтын жолунда болот» (Тирмизи)Кимдир бирөө илим алса Алла Таала  анын даражасын көтөрүп, ырыскысын кеңейтип койот. Андыктан илим алып, ыйманды, адеп-ахлакты бекемдейли. Илимди ар убакта жаңылап, кайталап туруу керек. Инсан дайыма изденүүнүн жана аракеттин үстүндө болуусу зарыл»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.

Муну менен катар Жоробай ажы Шергазиев студенттерди убакытты туура пайдаланууга жана мугалимдерге  жакшы мамиле жасап, алардын тажрыйбасын алуу керектигин баса белгиледи.