Чек арачылар күнүнө карата «Ынтымак» постуна белектер тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнүнө карата Кара-Суу баш районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен аталган райондун Савай айыл өкмөтүнө караштуу «Ынтымак» постуна парталар белекке берилди.

«Урматтуу чек ара кызматкерлери! Биздин өлкөнү коргоодо сиздердин кызматыңыздар зор. Экстремизм, терроризмдин алдын алууда талыкпай, күндү-күн дебей, түндү-түн дебей эмгектенип келе жатасыздар. Эл-жерди коргоодо, ынтымакты сактоодо, Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө сиздер менен дайыма кызматташа беребиз. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз» — деди Абдирашит ажы.