Ош облусунун казысы Кара-Суу району боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажыларга багытталган сабак өттү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу району боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажыларга атайын сабак өтүп, ибадаттагы негизги принциптер боюнча маалымат берди.

«Ажылык тулку-бойлук жана материалдык ибадат болуп саналат. Ыйык зыяратка аттанганда бардык дүйнө-мүлкүңүздөр бул жакта калат. Мекенден Меккеге созулган улуу сапардын хикматы жана мааниси өтө зор. Негизгиси ажылыктын сообунан куру жалак калбаганга тырышуу керек», – деди облус казысы.​ ​

Эскерте кетсек, казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков Араван районундагы болочок ажыларга сабак өттү.