Кыргызстандагы жалпы дин кызматкерлерине бирдиктүү 3800 форма тигилди

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев имам Сарахси атындагы башкы мечитте Чүй облусундагы  жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине дин кызматкерлери үчүн тигилген бирдиктүү формаларды тапшырды.

Саамалыкка Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап кары Масалиев, Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев катышып, дин кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.

«Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү»,-деди Азирети Муфтий Замир кары Ракиев.

Муну менен катар Азирети Муфтий аймактардан келген имамдардын суроолоруна жооп берип, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасынын алкагында өлкө аймагында атайын окутуулар жүрүп жаткандыгын айтып, имамдар ары билимдүү, ары келбеттүү болушу керектигин баса белгиледи.