«Апиза эне» ислам институтунун студенттери «Шейх Чубак ажы Жалилов» атындагы китепканага барышты

“Апиза эне” ислам институтунун шарият факультетинин 21-03 жана 21-04 тайпасынын студенттери Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө жайгашкан “Шейх Чубак ажы Жалилов” атындагы китепканага бир күндүк экскурсия уюштурушту. Студенттер экскурсия алкагында китепканадагы түрдүү багыттагы китептер жана газета-журналдар менен таанышышты.

 “Китепканада 4 тоннага жакын китеп бар экен. Биз, жаштар Чубак ажыдай илимдүү-билимдүү, көз карашы кең инсан катары калыптангыбыз келет. Иш-чаранын уюштуруучуларына студенттердин атынан ыраазычылык билдирем”, – деди шарият факультетинин 21-03 тайпасынын студенти Шухрат Акелов китепканадан алган таасирлери менен бөлүшүп.

Ал эми институттун ректору Абдирашит ажы Батыров аталган саамалык студенттердин, жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулганын айтты.

“Бул жер жогорку окуу жай болгондуктан  студенттердин китептер менен иштөө, энциклопедия, сөздүктөрдү колдонуу жөндөмдүүлүгү өсүшү керек. Дал ушул максатта студенттерди жеке демилгебиз менен “Шейх Чубак ажы Жалилов” атындагы китепканага жөнөткөн элек. Бул экскурсия окуучуларыбыздын илимге болгон кызыгуусун күчөтөт деп ишенем”, – деди Абдирашит ажы Батыров.