Ноокат районунун Ынтымак айылында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ынтымак айылынын жашоочулары менен жолукту. Жолугушууда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкорчулукту жоюу жана салттуу эмес багыттар жана алардын кесепеттери боюнча маалымат берилди.  

«Ысырапкорчулукту токтотуу боюнча тынымсыз жүргүзгөн иштерибиз өз жемишин бере баштады. Элибиз түшүнүү менен кабыл алып, маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымды дээрлик токтотту. Бул өтө жакшы көрүнүш», – деп билдирди Музаффар ажы.

Райондун баш имам-хатиби айыл тургундарына салттуу эмес шектүү багыттар, тайпалар жана алардын залалдуу көз караштары боюнча да маалымат берип, дин атын жамынган күчтөрдүн таасири астында калбоого чакырды.