«Муъаз ибни Жабал» медресеси бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырды

Баткен шаарында жайгашкан  А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында  «Муъаз ибни Жабал» медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп, ыйман кечеси уюштурулду. Саамалыкта облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышып,  илим алынуунун кыйынчылыктарын, баалуулугун, артыкчылыктары жана машакаты тууралуу келген конокторго баяндама жасап берди.

«Илим адамды жарыктыкка жетелейт, караңгыда шам чырак болуп жолубузду жарык кылат. Алла Таала да Куранда илим алууга буйруган. Жергебизде буюрса илимдүү жаштар көбөйүүсүн  Жараткан насип кылсын»,- деди облус казысы.

Иш-чара эки бөлүктөн туруп, эң алгач окуучу балдар тарабынан ата-энени урматтоо туурасында сахналашкан көрүнүштөр аткарылып, экинчи бөлүгүндө кыздардын илим алуу, аял кишинин исламдагы орду тууралуу чыгармалар аткарылды. Ал эми саамалыктын соңунда бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.

Эске салсак «Муъаз ибни Жабал» медресесинде бүгүнкү күндө 150гө жакын студент билим алып келет.