Ош облусунун казысы Оштогу бир нече балдар үйүн зыярат кылды

Ош облусунун казысы Оштогу бир нече балдар үйүн зыярат кылды
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана орун басары Алибек ажы Жусупов бир нече балдар жана карылар үйүн зыярат кылды.

«Пайгамбарыбыз жетимдин башын сылоо сооп экенин айткан. Сиздер бирөөнүн балдарына мээрим төгүп, эне ордуна эне болуп жатасыздар. Сиздер бул дүйнөдөгү эң ардактуу ишти кылып жатасыздар», – деп билдирди облус казысы.

Ал эми «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн директору Тамара Токтомаметова КМДБ жана Ош облустук мусулмандар казыятына терең ыраазычылык билдирип, «Бизге көптөн бери дин башкармалыгынан эч ким келе элек болчу. Сиздер атайын убакыт бөлүп, балдарды зыярат кылуу үчүн келипсиздер. Балдарымды кубанткандарды кудайым кубанткан болсун», – деди балдар үйүнүн директору.

Эскерте кетсек, Балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору, «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйү, «Боорукердик» үй-интернаты жана «Лотос» үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнө зыярат кылынып, материалдык жардамдар көрсөтүлдү.