Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаевге «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаевге Өзгөн техникалык институтунун «Ардактуу профессор» наамы ыйгарылды.

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, «Имам аль- Бухарий» ислам институтунун ректору Абдырахман кары Атабаев, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун директору Асанбек Акматалиев жана институттун активдүү студенттери катышты.

Саамалыкта Азирети Муфтийдин орун басары студенттерге илим алуунун маанилүүлүгү, адеп-ахлак, ата-эне жана мугалимге сый урмат көрсөтүү, Жаратканды таанып билүүдө мүмкүн жана хадис далилдери боюнча бир катар маалыматтарды берди.

«Ислам дини  илим алууга анын ичинде илимди үйрөткөн бардык устаттарга сый урмат менен мамиле кылууга басым жасайт. Ата-энебизге, агайыбызга сый урмат кылабыз. Досторубузга жакшы мамиле кылабыз. Бул дүйнө күрөш сыяктуу. Жакшы иштерди жасап бул дүйнөдө да акыретте да жеңишке жетели. Чыныгы жеңиш акыреттеги жеңиш», — деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми «Имам аль- Бухарий» ислам институтунун ректору Абдырахман кары Атабаев ислам дини тынчтыктын дини экенин баса белгилеп, Жараткандан мамлекетибиздин амандыгын, тынчтыгын жана бүтүндүүлүгүн тилеп бата кылды.