Араван району боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажыларга атайын сабак өтүлдү

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Араван району боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажыларга атайын сабак өтүп, ибадат боюнча жалпы маалымат берди.

«Ыйык сапарга мыктылап даярданыңыздар. Ал жакка барганда Ханафий мазхабынын тартибин бекем сактаңыздар. Кээ бир мекендештер башка мазхабдардагы ажылардын аракеттерин жана принциптерин сонундап туурап алышат. Мазхаб эрежелери оюнчук эмес», – деди облус казысы.​ ​

Эскерте кетсек, Сайдамир ажы буга чейин Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы ажыларга сабак өткөн.