Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 16-июнда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетишмекчи

Кыргызстандык  ажылардын алгачкы тобу 16-июнда Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетишмекчи. Ар бир учуучу топто 405 ажы сапар алып, аларды 8 ажы башчы коштоп бармакчы. Ал эми ажылардын акыркы тобу 22-июнда Медина шаарына жөнөп кетишмекчи.