Өзгөндөгү «Хайриниса» кыздар медресесин 17 студент аяктаса, алардын ичинен 4 кыз 30 пара Куранды толук жаттады

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу «Хайриниса» кыздар медресесинде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн шаарынын жооптуу имамы Махаммадаюб Хоринов, медресе мүдүрү Убайдулла кары Жабаралиев жана медресе илим талап кылуучулары катышты.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталган салтанаттуу иш-чарада Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ийгилик каалады.

«Ислам дини илим алууну талап кылат. А илим алуу чоң мээнетти талап кылат. Чын ыклас, аракет менен окуган талаба сөзсүз ийгиликке жетет. 30 пара Куранды толук жаттаган кыздарыбызга айтарым чемпион болуу оңой, аны сактап калуу кыйын дегендей, жаттаган Кураныбызды бат-баттан кайталайлы. Унутуп калбайлы!», — деди Акжол ажы.

Иш-чара соңунда китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрү акчалай жана үй-тиричилик буюмдары менен сыйланды.

Эскерте кетсек, быйыл «Хайриниса» кыздар медресесинен 17 илим талап калуучусу окуу жайды аяктаса, алардын ичинен 4 кары кыз 30 пара Куранды толук жаттап, хафиза болууга жетишкен.