Өзгөндүн баш имам-хатиби ОшМУнун теология факультетинин эмгек жамааты менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланды

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров ОшМУнун теология факультетинин эмгек жамааты менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланы.

Иш-чарага теология факультетинин деканы доцент Зайнабидин Ажимаматов, орун басары Хилми Карагач жана Түркия Диянет фондунун түштүк аймагы боюнча координатору Умут Али Унал катышты.

Жолугушууда Акжол ажы Бакиров имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу семинарларын уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

«Биз ОшМУнун теология факультети менен дайыма тыгыз кызматташып келебиз. Имамдар үчүн окуу сабактарын дал ушул окуу жайда абдан көп уюштурдук. Алдыда да биргеликте иш алып барууга даярбыз», – деди Акжол ажы Бакиров.

Иш-чара соңунда факультеттин эмгек жамааты Түркия Диянет фонду тарабынан кыргыз тилинде жарык көргөн эмгектерди Өзгөн райондук хатибиятына белек кылды.