Өзгөндөгү каттоодон өтө элек мечиттерди документтештирүү иштерине активдүү катышпаган имамдарга эскертүүлөр берилди

Өзгөн районунун борбордук мечитинде каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо боюнча жыйын өтүп, документтештирүү иштеринин көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору талкууланды.

Иш-чарага Ош облусунун курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбеков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиоров жана мечит имамдары катышты.

Жыйында Абдималик ажы Турсунбеков каттоо иштериндеги көйгөйлөр менен жеринде таанышып, чечүү жолдору боюнча маалыматтарды берип, бул жааттагы иштерди тездетүү зарыл экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында каттоо иштерине активдүү катышпаган жана ишине кайдыгерлик кылган имамдарга эскертүүлөр берилди.