Лейлектеги дин кызматкерлерине мечиттерди каттоонун тартиптери түшүндүрүлдү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси  Сайдахмад  Аппазов Лейлек районун борбордук мечитинде эсептик каттоодон өтпөгөн мечит имамдары менен жолугушту.  Имамдар менен болгон жолугушууда Сайдахмад  Аппазов документ иштерин толуктоонун тартиптерин түшүндүрүп, бул жаатта дыкат иштөөгө чакырды.  Жыйынга архитектура кызматкери катышып, дин кызматкерлерине эрежелерди айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жакындан жардам көрсөтүп жаткандыгын билдирди.